ruhesh.kg
Жамалбек Ырсалиев: Менин агам! –
3-класста окуп жүргөн кезим. Айылда койду кезектешип кайтарышат. Аны “кезүү” деп кыскартып коюшат. Биздин кезүү келип, 7-класс окуган агам кой кайтарып кетти. Мен түштөн кийин сабактан келгенимде “тамак жеткирип кел” деп байкеме жиберишти. Эшикке чыгып чүкө ойноп кетип, убакыттын кандай өткөнүн билбей кечинде кой тарагандан кийин үйгө келдим. Келсем, байкем ачка боюнча кечке кой кайтарганын айтып ыйлаптыр. Мен болсо шамыраңдап футболкамды шымдап алып, курсагыма уткан чүкөмдү салып, жоо сайгансып кирип келип атпаймынбы. Уткан чүкөмдүн кубанычына апам менен атам жазаламай болушту. …