ruhesh.kg
Лев Толстой: Оюн-зоок кечесинен кийин (конкурска №11) –
АҢГЕМЕ — Мына сиздер, адам өз алдынча эмне жаман, эмне жакшы экенин дурустап ажыратып биле албай, бардыгы курчап турган чөйрөгө жараша, адамдарды чөйрө өзүнө ылайыкташтырып өзгөртөт деп жатпайсыздарбы. А менимче, бардыгы турмуштагы жагдайларга байланыштуу болот. Эмесе өзүмдүн жашоомдон бир аз айтып берейин. — Биздин ортобуздагы, жеке адамдын өсүп-өнүгүшү үчүн, эң алгач ал жашап турган чөйрөдөгү шарттарды өзгөртүү керектиги жөнүндөгү талашыбыздан кийин, баарыбыз сыйлаган, кадыр-барктуу адамыбыз Иван Васильевич сөзүн ушинтип баштады. Чындыгында, эмне жакшы, эмне жаман экенин өз алдынча эч ким …