ruhesh.kg
Төтө жол: Тогуз кайрык –
Улуу Айтматовдун “жазуучу жазбай жүрсө да жазып жүрөт” деген кеменгер кебиндей калемиң бечара ак баракка жорголоп турбаса болорбу, “кулак укса курсак кайнайт”, көзүң көргөнгө көңүлүң толкуйт, ов! Ошондон, дагы бир акылман абабыз Токтогул акын “Тогуз кайрык” деп күү черткен тура. Кайран “Тогуз кайрык…” Айлампадагы адамзат турмуш жолунун арман-кубанычын ушундай бүкүлү айтып, бүкүлү кабыл алып аш кыла сиңирген элден элек, оозеки жана жазма адабиятынын бүткүл дүйнөлүк шедеври “Манас” менен Айтматовду жараткан элден элек… Анан ушундай, ушундай “элек…” деп өчөйүп отура бербей …