ruhesh.kg
Үмүт Култаева: Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында ЭНЕЛИКтин көркөм концепциясы – РухЭш
Энелик – тирүүлүктүн чен-өлчөмүн шарттап турган улуу био-социологиялык жана нравалык руханий баалуулук. Жашоонун учугун улап турган өзгөчө категория катары энелик генетика, биология, психология, педагогика, философия, социология сыяктуу бир нече илимдин объектиси. Көркөм адабиятта көбүнесе энеликтин нравалык баалуулугу иликтөөгө алынат. Адамзаттын баалуу бул феномени Ч.Айтматовдун чыгармаларында аӊдоого алынышы бир нече илимге таандык мыйзам-ченемдерди камтыйт. Анткени жазуучунун чыгармаларында «жаратуунун туу чокусу – адамды» (Ч.Айтматов) төрөп өстүргөн Толгонай Энеден баштап, маңкуртка айланган уулунун колунан ок жеген Найман Эненин ак жоолугу башынан шыпырылып баратканда, …