ruhesh.kg
Эсенбай Нурушев: Жамийла жана Лилит – РухЭш
“Айтматология: “Жамийла” жана улуттук эрос” аттуу адабий-философиялык этюддардан Адабиятчы Виктор Левченко бир ирет жазуучу менен маектешип жатып, мамындай бир собол койгон эле: “Жамийла менен Даниярдын айылдан кетиши Адам ата менен Ава эненин бейиштен куулушун эске салат. Бул ой сизге кайдан келди болду экен? Балким, кайсы бир чыгарма менен таанышкандан улам пайда болгондур? Же мен муну сизге жөн эле окурмандык туюмум менен таңуулап жатамынбы?” “Сиздин бул ойуңуз мага кызыктуу сезилип жатат, -деп жооп берген жазуучу буга. – Христиан мифологиясын билүү, мүмкүн, …