ruhesh.kg
Кыргыз эл жомогу: Зыйфырым – РухЭш
Илгери, илгери бир кандын уулу өз вазиринин кызын алган экен. Күн өткөн сайын кандын уулуна: «Өзү кандын баласы болуп туруп вазиринин кызын алды. Башка падышанын балдары бүт кандын кызын алып жатат. Бул деле ошентсе болмок, бул кыз анын теңи эмес»,- деген сөздөр угулат. Бул өңдүү сөздөрдү уккан сайын кандын баласынын жини келип, аялын ура баштайт. Күндөрдүн биринде кыздын жеңеси келип: — Өзүң вазирдин кызы болсоң, күйөөң кандын баласы болсо, эмне көңүлүң пас, эмнеге жүдөйсүң?- деп сурады. Кыз мурун айтпай коюп, …