ruhesh.kg
Дооронбек Садырбаев: Диссертация – РухЭш
АҢГЕМЕ Өйдө-ылдый сөз чыгып кетпесин үчүн эмитен эскертээрим: Букеш экөөбүз баягыдай эле ынтымактуубуз. Кудайга шүгүр, эл катары оокатыбыз бар, эч кимден кем эмеспиз. Ырас, ал «окумуштуу болом» — деп оолукканга чейин мындан да ынтымактуураак элек. Баягыда эле, «мен дагы аспирантурага өтүп, башкаларчылап бир илимди бучкактап көрсөм кандай болор экен»? — деп калыптыр. Жок дебедим. Аялым аспирантурага өттү, аны менен кошо үй тиричилигинин түйшүгү жана жаңыдан тамтуң басып келаткан кызыбызды тарбиялоо милдети толук бойдон менин мойнума жүктөлдү. Мунусуна да көндүм. Акыры …