ruhesh.kg
Босния эл жомогу: Жүкчү жана кожо – РухЭш
Бир кембагал жигит Стамбулда жүкчүлөр жакшы иштеп табышарын угуп, ал жакка барып иштемей болот. Бул максаты орундалган соң жүк ташып аянбай иштеген ал чынында эле жакшы таба баштайт. Ошентип бир топ убакыт өтүп ал жүз дукат акча чогултат. Анткен менен кара жумуштан каржалып тажай баштаган ал бир күнү минтип ойлонот: “Жүз дукат жаман акча эмес. Ага товар алып айылыма барсам соода кылып кете алам. Кыйынчылыксыз акча табууга шарт түзүлүп турганда бирөөлөрдүн жүгүн ташып, кабыргамды кайыштырып эмне кылам? Болду, жол киреге …