ruhesh.kg
Алым ТОКТОМУШЕВ: Менин улуу мектебим – түрмө – РухЭш
Бул маектин дайны табылбай калган кийин. Ал кезде Чолпон Орозобекова менен Жеңишбек Эдигеев чыгарган «Dе-факто» гезити Бакиевдердин уйкусун бузган басылмага айланып, гезит тагдыры кысталышка кептелген учурда даярдалган маек. Редколлегияда мен да бар элем, бирок жылбай иштеген ордум «Айтыш» коомдук фондунда эле. «Айтыш» фонддун алдында «Калемгер» адабий клубун ачып алганбыз. Аталган гезитке «Калемгер» клубунда деген рубрика аркылуу акын-жазуучулар менен маектерди уюштуруп жарыялап турар элем. Ал арада Бакиевдердин канкор бийлиги коомдун үрөйүн учуруп койгон кез. «Dе-факто» гезити да бакиевчилдердин каарына кабылып, Чолпон …