ruhesh.kg
Мурзаш АШИРБЕКОВ: Нан –
АҢГЕМЕ Кеч. Эскилиги жетип, кыймылдасаң эле «кыйч-куйч» эткен сөрүдө буттарымды салаңдатып отурам. Апам айткандай качан эле «кабыргам кайышып» калган. Аргасыздан бийик тоолордун күңүрттөнгөн чокуларына көз салам. Аппак булуттар тоонун чокусунан ылдый түшүп баса беришиптир. Суу ичкени түшүшсө керек. Согушка кеткен атамдын мылтыгы менин колумда болсо апам айткан жомоктогу мергенчидей болуп, секин жашынып барып, булуттар суу ичип жаткан жерден атып алат элем. Ошондо булуттар асманга учуп кете албай бүт бойдон маске майга айланып калат эле. Анан ошол майдан кочуштап-кочуштап туруп биринчи …