ruhesh.kg
Венера БӨЛӨКБАЕВА: Гүл-Гүл эжей – РухЭш
АҢГЕМЕ Кыйла жыл мурун. Тээ илгери десем деле болчудай. Чоң апалардын анан мугалим эжейлердин эң сулуусу биздин гана кыштакта жашайт деп жыйынтык чыгаргам… Чоң апалардан — менин чоң апам, жүзүндө калдары бар. Эжейлерден 2-“г” класска сабак берген Гүл-Гүл аттуу эжеке. Ал кыштагыбыздын дал ортосундагы муздай жалтыраган чатырчасы бар үйдө жашачу. * * * Күз мезгили ортолоп, суук боло баштаган. Ал күнү атам жумушуна кеткен бойдон келбей калды. Түн кирип, уктаар маалыбыз жакындаганда апам мага: – Сен дагы жылуулап кийин, – …