elgezit.kg
Токмок: Поезд кырсыкка кабылды - ELGEZIT
13-августка караган түнү Токмок шаарында поезд (тепловоз) кырсыкка учурап, эки вагон рельстен чыкты. Бул тууралуу маалыматты «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы таратты. Окуя болжол менен саат 22:00дө катталган. Маалыматка караганда, транспорт катуу ылдамдыкта баратып бурулган учурда ооп кеткен. Курмандыктар жана жабыр тарткандар жок. Вагондор «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен иштешкен Токмоктогу айнек чыгаруучу ...