elgezit.kg
Өмүрбек Текебаев: «Муфтияттын кызматкерлери ката кетиришти. Эл аралык иштерде тажрыйбасынын жоктугу дагы аларды актай албайт» - ELGEZIT
Elgezit.kg редакциясынын Өмүрбек Текебаев менен болгон маеги —Россиянын НТВ каналындагы бир убакта белгилүү болгон программасынын девизи — ызы-чуулар, интригалар, иликтөөлөр болчу. Кыргызстандагы акыркы чуулардын бири түрк элчиси менен байланыштуу. 8-майда муфтият ыйык рамазан айынын урматына мусулмандарды “Дасмия” ресторанына ооз ачууга чакырган. Чакырылгандардын катарында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат да бар эле. Залда “Сапат” мектептер ...