elgezit.kg
Лейлек “Айгүлү” тууралуу бир шингил - ELGEZIT
Катраң айыл аймагындагы Баул айылынын тургундары ыйык тутуп, ондогон жылдардан бери сыйынып келатышкан касиеттүү “Атаян Баба” жайлоосунда өскөн “Айгүл” гүлүн жылда зыярат кылып келүүнү салтка айлантып алганбыз. Атагы Алайга, даңкы далайга кеткен ажайып гүлдү быйыл да барып көрүп (2018-жыл, апрель – авт.), табияттын таттуу балынан татып келдик. Айрымдарды бараткан багытынан адаштырган ааламдашуу доорундагы тиричилик ташпиштерин ...